Бишкектин Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернатынын актовый залынан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө саат 13:36 чамасында 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.
"Болжол менен 600дөй адам эвакуация болуп, тилсиз жоо саат 14:25те чектөөгө алынып, 14:53тө толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок",-деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, актовый залдын чатырынын 50 чарчы метри күйдү.