Бишкекте телефон уурдаганга шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-апрелде милицияга К.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Манас проспектисинде жайгашкан дарыканалардын биринен белгисиз адамга 100 миң сомдук iPhone 14 үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1987-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.