"Бир үйдөн эч нерсе табышкан эмес". Ошто үйлөргө кирип, уурулук жасаган шектүүлөр кармалды

Кара-Сууда үйлөргө кирип, уурулук жасаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-февралда милицияга Төлөйкөн айыл аймагынын 1972-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал үйүнө белгисиз адамдар терезеси аркылуу кирип, алтын буюмдарын, 50 миң сомун жана 1 даана ноутбугун уурдап кетишкендигин айткан. Жабырлануучуга болжол менен 500 миң сом зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары мурда соттолгон Талас облусунун 2001-жылы туулган К.уулу Э. атту тургуну жана Өзгөн районунун 1999-жылы туулган А.уулу О. аттуу тургуну качып жүргөн жеринен кармалышкан.
Тергөөдө алар башка дагы 2 үйгө киргендиги белгилүү болгон. Алардын айтымында, 11-февралда Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган жашоочусунун үйүнө киришип, баасы 60 миң сом болгон темир сейфти уурдап чыгышкан. Сейфти бузушуп, ичиндеги буюмдарды алып кетишкен.
Мындан тышкары шектүүлөр 12-февралда Кара-Суу районунда дагы бир үйгө киришип, үйдүн ичин аңтарып, эч нерсе таппай кетишкен.
"Ошондой эле кармалгандардын дагы башка шериги бар экендиги жана ал Бишкек шаарындагы башка уурулук фактылары боюнча шектелип, камакка алынгандыгы аныкталган.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда",-деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан