Жалал-Абадда үйгө уурулукка кирген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр декабрь айында белгисиз адамдар Ноокен районунун тургунунун үйүнөн 15 миң долларын, миң долларлык кол саатын жана түрк өндүрүшүндөгү 40 миң сомдук ок атуучу куралын уурдап кетишкен. Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, мүлктү уурдагандарга чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр Чүй облусунун аймагынан кармалган. Алар: Кара-Суу районунда жашаган 1997-жылы туулган А.у.А. жана Сокулук районунун тургуну 1999-жылы туулган М.А. аттуу жарандар.
Кармоо учурунда курал уурдоо фактысынын бети ачылып, шектүүлөрдүн жанынан сайсыз ок атуучу курал 7,62 калибрдеги 35тен ашык ок-даарысы менен табылган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыштуу топ Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда жасалган бир нече уурулуктарга тиешеси бар. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Кармалгандар Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.