Сокулук районунда мал уурдоого шектелип чабан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
2-апрель күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жаран Ж.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 1994-жылы туулган С. аттуу чабаны алдоо жолу менен малын, тагыраак айтканда, букасын, бээсин, тайын ээлеп алып, изин жашырып кеткендигин билдирген. Ошентип ал жабырлануучуга 250 миң сом зыян келтирген.
Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кылмыш иши козголгон.
Кечээ, 12-апрелде милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал кармалган.
Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы такталууда. Тергөө иштери уланууда.