Нарындагы мугалимдин асынып алышы: Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Нарында асынган абалда табылган жаран жеке англис тили курсунун мугалими болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-апрель күнү саат 13:00 чамасында милицияга тез-жардам кызматынын диспетчери А.О. телефон чалып, Нарын шаарында бир адам муунуп каза болгондугун билдирген.

Бул маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Анда милиция кызматкерлери 1964-жылы туулган А.Т. аттуу жаран үйүнүн короосундагы мал сарайында асынып алганын көрүшкөн.

Жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзгөндө эч кандай жаракат алгандыгы байкалган эмес. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Маркумдун бир туугандарынын айтымында, ал Нарын шаарында жеке англис тили курсунда мугалим болуп эмгектенип келген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин Нарында жаш кыздарга ыдык көрсөтүп келген деп шектелип жаткан киши муунуп каза болгону маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан