
Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Х.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2-апрель күнү Малдыбаев жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам күч колдонуп, 20 миң сомдук Xiaomi Poco X4 Pro үлгүсүндөгү телефонун, 8 миң сомдук электрондук кол саатын, 6 миң сом турган кулакчынын жана 35 миң сом накталай акчасын тартып алганын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2001-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.