Токмок шаарында "адам өлтүргөн" деп шектелип бир адам кармалды

2012-жылдын май айынан бери издөөдө жүргөн, “адам өлтүрдү” деп шектелип жаткан жаран Токмок шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалды.  

Маалыматка караганда, 2012-жылы 24-майда Токмок шаарында азиат улутундагы белгисиз адамдын сөөгү табылган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.    

Бир катар тергөө иштердин негизинде 32 жаштагы Токмок шаарынын тургуну кылмышка шектелген. Ал окуя болгондой кийин из жашырып качып кеткен. Кечээ, 19-декабрда ошол шектүү адам кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан