
Мурдагы депутат
Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун, тагыраагы, 150 миллион сом төлөп берди.
Учурда тергөө иштери улантылып жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, 16-апрелде Биринчи Май райондук соту Жолдошбаевдин бөгөт чарасын карап, 19-июнга чейин камакта калтырган.
УКМК 22-февралда "Беш-Сары" ЖЧКсында ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан фактылар аныкталып, ага ээлик кылган Жолдошбаев
кармалганын маалымдаган.
26-февралда анын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-апрелге чейин камакта
калтырылган.