Ош облусунун бир катар айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Алай районунун Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүргөн. Жерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ тартылган.
Мындан тышкары, ушул эле райондогу Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүрүп, Гүлчө–Жошолу ички чарбалык унаа жолунун 7 чакырымы жабылган. Жерине Тилектеш айыл аймагынан грейдер тартылып, унаа жол саат 19:30 тазаланып ачылган.
Ошондой эле жаап өткөн жаандын кесепетинен Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагынын Чаеке айылында сел жүргөн.
Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош–Гүлчө–Сары-Таш–Эркеч-Там унаа жолунун 45-49-чакырымдарында сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.
Жолду сел калдыктарынан тазалоо үчүн 2 автогрейдер тартылды.