Баткенде унаадан 51 килограммдан ашуун баңгизат табылды

Баткенде унаадан 51 килограммдан ашуун баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Тажикстандан Кыргызстанга афган тектүү баңги каражаттарынын өзгөчө ири партияларын жеткирүү жана сатуу каналын аныктоо жана токтотуу боюнча атайын операция ийгиликтүү өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө Баткен шаарынын аймагында А.К. аттуу жарандын башкаруусундагы Renault Scenic үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Анын ичинен 51 килограмм 270 грамм баңгизаты табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусунун негизинде кармалган баңгизаттар афган "гашиши" экендиги аныкталып, бул иш боюнча 1972-жылы туулган, Ош облусунун тургуну А.К. кармалды.

Азыркы тапта ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан