18-декабрда тайбоксчу жана кикбоксчу Валентина Шевченко эрежесиз эр уруштун ММА версиясы боюнча Перуда өткөн Эл аралык мелдеште атаандашын нокаут менен утуп алды. Бул тууралуу КРнын аталган спорт түрү боюнча федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түштүк Американын мамлекеттери Перу менен Эквадордун спортчуларынын ортосунда уюшулган мелдеште Валентина 8 бурчтукта самбо боюнча Латын Америкасынын чемпиону Присцилай Орияна менен кездешти. Беттеш 30 секундга созулуп, Валентина Шевченко атаандашын нокаут менен утуп алды.