АCIBADEM клиникалык тармагынын кызматтары Ош шаарынын тургундары үчүн жеткиликтүү болуп калды     

Бүгүн, 16-апрелде Ош шаарында Түркиянын белгилүү ACIBADEM клиникалар тармагынын жаңы өкүлчүлүгү ачылды. Анын ачылыш аземи Ош шаарынын тургундары жана Түркиядан келген дарыгерлердын катышуусунда болуп, кызыл тасмасы расмий кесилди.

Белгилүү болгондой, клиниканын Оштогу өкүлчүлүгүндө бейтаптар түркиялык дарыгерлерден акысыз кат жүзүндө консультация ала алышат. Тактап айтканда, алар Ошто туруп эле дүйнөгө таанымал 3500 дарыгердин бирине жазылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ошондой эле кеңсе кызматкерлери медициналык документтерди которууга, дарыгерлер менен онлайн конференцияларды уюштурууга жана акысыз экинчи медициналык корутунду алууга жардам беришет. Бул жерде Түркиядан келген дарыгерлердин катышуусунда жолугушуулар уюштурулуп, акысыз консультациялар да берилип турат. Мындан сырткары, жаңы кеңседе бейтаптарга бардык керектүү документтерди даярдоого жардам берилет, анткени операциялар Түркиянын өзүндө гана жасалат.

Бул ACIBADEM клиникасынын Ош шаарындагы экинчи өкүлчүлүгү.

“Биздин өкүлчүлүктүн жардамы аркылуу жарандар бөйрөк алмаштыруу, онкологиялык оорулар менен күрөшүү, ЭКО ыкмасын ишке ашыруу боюнча кызматтарды пайдалана алышат. Биз аркылуу көптөгөн жарандарыбыз клиникадан ийгиликтүү текшерүүдөн өтүп, андан кийин мыкты дарылоону алышты. Мындан кийин дагы жарандарыбыздын ден соолугуна кам көрүүгө жардам берүүгө даярбыз”, - дейт ACIBADEM клиникасынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн расмий өкүлү Гүлдана Ташиева.

“Түштүк региондон да суроо-талап жогору болгондуктан бул филиал ачылды. Анын арты менен биздин жарандар алыска барып убара болбой, өзүбүздүн шаарда эле түркиялык профессорлордон консультация алып, дарыланууга толук даярдык менен бара алышат” - дейт клиниканын Оштогу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жыргалбек Нажиманов.

ACIBADEM клиникалардын тармагы Түркияда 1991-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө анын курамына Түркия, Голландия, Македония, Болгария жана Сербиядагы 24 клиника жана 15 медициналык борбор кирет. Алардын бардыгы заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган. Учурда клиника А классындагы медициналык жардам көрсөтүү стандарттарына ылайык диагностика жана дарылоону камсыз кылат. Клиникалардын ишинин жогорку сапаты Эл аралык биргелешкен комиссиянын (Эл аралык саламаттыкты сактоодогу сапат институтунун) алтын белгиси менен тастыкталат.

ACIBADEM клиникалары инновациялык медициналык технологияларды колдонуу менен бардык медициналык чөйрөлөрдө, анын ичинде онкология, органдарды трансплантациялоо, эстетика, ЭКО, нейрохирургия, ортопедия, кардиология, гинекология жаатында иш алып барат. Жыл сайын 5 миллион бейтапка медициналык кызмат көрсөтүлөт.

ACIBADEM 29 өлкөдө жана 53 шаарда 58 клиникалык кеңселерин ачуу менен эл аралык рынокто өзүнүн катышуусун кеңейтүүдө. Эл аралык бейтаптар диагнозун ырастоо жана ACIBADEM клиникаларында дарылануу үчүн ACIBADEM өкүлчүлүктөрүнө кайрылышат.

Кошумча маалымат алуу үчүн ACIBADEM компаниялар тобунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнө кайрылсаңыздар болот: Алиев көчөсү 104/144, телефон: +996 997 00 02 52.

Бишкек: Манасчы Сагынбай көчөсү, 101/1 (Эркиндик бульвары), телефон +996 702 000 252.

АCIBADEM клиникалык тармагынын кызматтары Ош шаарында ачылды
Түркиядан келген дарыгер
Гүлдана Ташиева ACIBADEM клиникасынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн расмий өкүлү.
Жыргалбек Нажиманов ACIBADEM клиникасынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси
Түркияда дарыланып келген бейтап
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан