Орусиялык “Рубин” клубунун башкы машыктыруучусу Курбан Бердыев жумуш ордун таштады

Орусиялык “Рубин” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Курбан Бердыев, клубдун директору Андрей Громов жана вице-президенти Камиль Исхаков клубдан кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда орусиялык маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн клубдун жыйынында башкы машыктыруучу Курбан Бердыев, Андрей Громов жана Камиль Исхаков менен келишим жокко чыгарылды.

Эске салсак, Курбан Бердыев “Рубинди” 2001-жылдан тарта машыктырып келген. Ал кезде клуб Орусиянын биринчи лигасында ойногон. 61 жаштагы адистин машыктыруучулугу астында “Рубин” 2 жолу Орусиянын чемпиондугун (2008, 2009-жылдары), бир жолу Орусиянын Кубогун (2012) утуп алган.

Учурда Орусиянын лигасынын 19-тур оюндарынын жыйынтын кошкондо “Рубин” карамагындагы 24 упай менен мелдеш жадыбалында 11-орунду ээлеп келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
777bek
2013-12-20 23:43:08
Окунучтуу?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан