Бишкек шаарында 29-апрелден тарта №216 автобус каттамы иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин аталган каттамда кичи автобус иштеп келген. Мындан ары ушул эле каттам номуру менен автобус жүрө баштайт.
Ага ылайык, акыркы аялдама Ак-Өргөө жаңы конушунда жана Аламедин-1 кичи районунда жайгашат. Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.