Рамзан Кадыровдун 16 жаштагы уулу дагы бир чоң кызматка дайындалды

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун уулу 16 жаштагы Адам Гудерместеги Владимир Путин атындагы Орусиянын атайын күчтөрү университетинин куратору болду. Бул тууралуу Рамзан Кадыров өзүнүн Телеграм каналына жазды.

"Урматтуу Байбетар Вайхановдун өтүнүчү боюнча мен Адам Кадыровду РУСтун куратору кылып дайындоону чечтим. Ал атактуу университеттин ишмердүүлүгү менен жакындан тааныш, ошондуктан ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди абдан жакшы аткарат деп ишенем", - деп жазды Кадыров.

Адам Кадыров 2023-жылдын ноябрь айынан бери Чечен Республикасынын лидеринин коопсуздук кызматынын башчысы болуп келет. Кошумчалай кетсек, ал Орусиянын Коргоо министрлигинин курамында Шейх Мансур батальонуна жана Орус гвардиясынын курамында Байсангур Беноевский батальонуна дагы жетекчилик кылат.

Орусиянын атайын күчтөрүнүн университети Гудермес шаарында жайгашкан жана акыркы атайын маалыматтык технологиялар менен жабдылган. Ал 95 имарат жана курулуштан турган көп функциялуу комплекс болуп саналат.

Университет өрт, атайын тактика, аба-десанттык, тоодо машыгуу, ошондой эле жансакчыларды жана аскер журналисттерин даярдоо сыяктуу багыттарды камтыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан