Ош окуясында мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Оштогу июнь окуясында адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран Ош аэропортунан кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-апрелде шектүү Оштун 1987-жылы туулган тургуну Ж.М. Ош аэропортунан Орусиядан учуп келген учурда кармалган. Ал дээрлик 14 жыл Орусиянын ар кайсы шаарларында жашырынып жүргөн.
Кармалган жаран 2010-жылы 13-июнда Кара-Суу районунун 1953-жылы туулган тургунун кылмыштуу шериктери (кылмыштуу шериктери кармалышкан) менен бирге өлтүргөнгө шектелүүдө. Алар маркумду Ак-Буура дарыясынын жээгине алып барышып, ошол жерден Ж.М. маркумга бир нече ирет бычак сайган. Андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөн маркумдун жансыз денесин Ак-Буура дарыясына ыргытып жиберишкен.
"Маркумдун жансыз денеси 2010-жылы 19-июнда Өзбекстандын Анжиян облусунун Ходжабад районунун аймагынан табылган. Абал турукташып, кылмышка шектүүлөр аныктала баштаган учурда изин жашырып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан