Москвадагы аэропорттордо жүздөгөн тажикстандыктар кармалып турат

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шохин Самади ТАСС агенттигине кылдат текшерүүлөрдүн натыйжасында республиканын миңге жакын жараны Москванын аэропортторунда кармалып турганын билдирди.

Анын айтымында, "Внуково" аэропортундагы убактылуу кармоочу жайда Тажикстандын 954 жараны бар, дагы 22си өлкөдөн чыгарылган.

Шохин Самади белгилегендей, Орусиянын ЖОЖдоруна окууга келген жарандарды аэропорттон чыгарбай жатышат. Ал Москванын башка аэропортторунда, тагыраагы "Домодедово", "Шереметьево", "Жуковский" аэропортторунда ондогон тажик жарандары кармалууда.

26-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми Орусиянын элчиси Семён Григорьевге тажикстандыктардын Орусиядагы кырдаалына тынчсыздануусун билдирген. Кийинчерээк министрлик жарандарына Орусияга баруудан баш тартууну сунуштаган.

25-апрелде Тажикстандын "Азия-Плюс" басылмасы 22-апрелден бери Оренбург облусундагы казак-орус чек арасында 180дей тажик номурлуу унаа кезекте турганын, башка унаалар өткөрүлүп жатканын жазып чыккан. Анда Тажикстандын жарандарынын телефондорунан бери текшерилип жатканы айтылган.

Өз кезегинде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова текшерүүлөрдү "Crocus City Hall" соода борборундагы теракттан кийин күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен түшүндүрдү. Ошол эле учурда анын айтымында, текшерүүлөр бардык жарандарга тиешелүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан