Кыргыз жигити грэпплинг боюнча Америкада өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль утту

Грэпплинг (NAGA) боюнча Америкада өткөн дүйнө биринчилигинде кыргыз жигити Азрет Жусупалиев алтын медаль утту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын агасы Нурсултун Жусупалиев билдирди.

Анын айтымында, турнир Американын Нью-Жерси штатында болуп, иниси Азрет Жусупалиев 67 килограмм салмакта катышкан.

"NAGA деген уюм грэпплинг боюнча жылына бир жолу дүйнө чемпиондугун өткөрүп турат. Быйыл турнир Америкада болуп, иним Азрет машыктыруучусунун уруксаты менен Кыргызстандын атынан катышты. Жыйынтыгында бүгүн, 29-апрелде иним алтын медаль жеңип, кубанып жатабыз", - деди Нурсултан.

Эске салсак, SUPER.KG порталы февраль айында Америкада билим алып, аны менен бирге спорт менен машыгып жүргөн Азрет Жусупалиев менен маектешип, материал даярдаган .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан