Өлкө аймагында 22-апрелден 28-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 534 жол эрежесин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлады.
Жол эрежелерин бузуу фактылары төмөнкүдөй:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 347;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 269;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 77;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 890;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 221;
- Авто ээнбаштык - 4;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 507;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 7;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 11 миң 370.
Ошондой эле жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 842 унаа айып короого токтотулган.