Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Чоң-Капка өткөрмө бекети бүгүн, 29-апрелде үч саатка жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан техникалык иштерге байланыштуу Чоң-Капка көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн өтүүсү саат 16:00дөн 19:00гө чейин убактылуу токтотулат.