"Кыргызстандыктар дагы бар". Красноярскта 135 мигрант кармалды

Красноярск шаарынын Ленин районундагы базарда жүргүзүлгөн рейд учурунда полиция жана Федералдык коопсуздук кызматы Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген 135 мигрантты кармады. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Красноярск аймагы боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Чет элдик жарандардын кылмышка катыштыгы бар-жогу текшерилип, алардан эпителий үлгүлөрү алынган. Мындан тышкары мигранттар менен кылмышка жол бербөө тууралуу профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Операциянын жүрүшүндө алты мигрантка карата административдик протоколдор түзүлүп, алардын үчөө Орусиядан депортацияланмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан