УКМК Финансылык көзөмөл кызматынын кызматкери кармалганын билдирди

Мамлекеттик Финансылык көзөмөл кызматынын кызматкери Ш.Э.Ш. опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, А.у.Н аттуу жаран автосалондун аянтынын бир бөлүгүн ижарага алып, ал жерде ар кандай үлгүдөгү автоунааларды сатканы аныкталган. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн илгерилетүү жана жарнамалоо максатында унаа лотереясын уюштурган.

Апрель айында аталган автосалонго Мамфинкөзөмөлдүн кызматкери Ш.Э.Ш. келип, өзүн көзөмөл органынын кызматкеримин деп тааныштырып, алардын иш-аракети мыйзамсыз экенин, мындан ары кылмыш ишин козгоо менен текшерүүнү уюштурушу мүмкүндүгүн айтып моралдык-психологиялык кысым көрсөткөн. Ошондой эле бул маселени оң жагына чечүү үчүн 2 000 доллар акча талап кылган.

"Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында, 26-апрелде Ш.Э.Ш. өз иш бөлмөсүндө 53 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Аталган кызматкер арыз ээсин борбордогу соода борборлорунун бирине келип, банкомат аркылуу сумманы өзүнүн жеке эсебине которууга мажбур кылган", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жогорудагы кызмат адамы тарабынан жасалышы мүмкүн болгон башка коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар улантылып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан