Жалал-Абад облусунун Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришти.
Ага ылайык, бүгүнкү күнгө 2,5 чакырым асфальт төшөө иштери аткарылды. Ал эми план боюнча 3,7 чакырым жолго асфальт басылат.
Белгилей кетсек, асфальттоо иштерин "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №22 Жол тейлөө ишканасы аткарууда.