Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Урааным Манас" долбоорунун алкагында 50 миң адам манас айтары күтүлүүдө

Бишкек шаарында 50 миң адамды чогултуп манас айттыруу пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков билдирди.
Анын айтымында, 20-апрелден баштап республика боюнча "Урааным Манас" долбоору өтүп жатат. Иш-чарага билим берүү мекемелеринин окуучулары жана мугалимдери катышууда.
"Долбоор өлкөнүн 44 району жана 32 шаарында уюштурулуп, 11-майда борбор калаада жыйынтыкталат. Ага Бишкектин төрт районунан 50 миң адамды чогултуу пландалууда. Ал эми республика боюнча быйыл 500 миң окуучу "Манас" жаттап айтышууда", - деди Нурбек Талантбеков.
Аталган сынак быйыл экинчи жолу өтүп, манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Уркаш Мамбеталиев менен Сапарбек Касмамбетовдун 90 жылдыгына арналганы кошумчаланды. Ал эми сынактын байге фонду үч миллион сомду түзөт жана сыйлыкты тапшыруу аземи июнга мерчемделген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан