Ош облусунда сел каптаган райондорду тазалоо жумуштары аяктады. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-апрелде ӨКМден тастыкташты.
Маалымдалгандай, Ош облусунун аймагында абал турукташып, сел каптаган райондордо калыбына келтирүү, тазалоо жумуштары аяктаганына байланыштуу, облус аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды.
Эске салсак, 20-апрелде Ош облусунун бир катар райондорундагы айылдарда катуу сел жүргөн. ӨКМ селдин кепетинен бир адам каза болгонун маалымдаган. Ага байланыштуу 22-апрелде Ош облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.