Битумду жогорулатылган баада сатып алуу фактысы боюнча БАС муниципалдык ишканасынын кызмат адамы жана жеткирүүчү фирманын директору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, кармалган кызматкерлер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган. Алар битум жеткирүүнү ишке ашырган чарба жүргүзүүчү субъект менен тил табышып, аталган материалды жогорулатылган баада сатып алышкан. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 12 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Тактап айтканда, алар былтыркы жылдын июнь айында "П" ЖЧКсы менен келишим түзүшүп, бардык коммерциялык сунуштардын ичинен битумду жеткирүүгө эң жогорку бааны, тагыраагы, 1 тоннага – 46 миң сом, ал эми 1 миң тоннага 46 миллион сом деп жарыялашкан. Ал эми ушул сыяктуу үлгүдөгү битумдун орточо базар наркы 1 тоннасы, бажы алымы жок– 31 071,72 сомдун тегереги, ал эми бажы алымы менен 33 миллион 138 миң сомду түзөт.
Белгилей кетсек, "П" ЖЧКсы ушул күнгө чейин Бишкекасфальтсервиске 1000,63 тоннадан ашык көлөмдө, 45 миллион 928 миң 917 сом суммасында битум жеткирген.
Дайындалган соттук-бухгалтердик экспертизанын жыйынтыгында битумду жогорулатылган баада сатып алуудан келтирилген зыян 12 миллион 769 миң сомду түздү.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Бишкекасфальтсервис муниципалдык ишканасынын башкы инженери Ш.У. жана "П" ЖЧКсынын директору А.А. кармалып, Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди.
Белгилей кетсек, учурда жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын жолдорун жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү капиталдык оңдоп-түзөө иштерин сапатсыз жана өз убагында жүргүзбөгөн подрядчиктерге карата ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.