Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Бишкекгаздан билдирди.
Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө тээгин алмаштырууга жана жер астындагы газдын агышын жоюуга байланыштуу 6-майдан 8-майга чейин болбойт.
"Жаратылыш газы ЧЧК, Курманалиев көчөсү, Лермонтов көчөсү, Чүй проспектиси, Осмонкул, Жибек Жолу, Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта убактылуу өчүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Мындан улам мекеме түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.