Кениядагы суу ташкынынан 169 адам каза болду

Кенияда тынымсыз жааган жаандан улам суу ташкындап, каза болгон адамдардын саны 169га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматтарга ылайык, Кенияда өткөн айдан бери нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындарынан бир нече аймакта жер көчкүлөр катталды. Ошондой эле дайынсыз жоголгондордун саны көбөйүүдө.

Мындан улам өлкөнүн президенти Уильям Руто жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда жашаган жарандарга аймактан чыгып туруусун суранды. Мамлекет башчы аскер кызматкерлерине дайынсыз жоголгондорду табууга жардам берүүнү тапшырганы кошумчаланды.

Президенттик аппараттын маалыматы боюнча, 190 миңден ашуун адам, анын ичинде баш калаа Найробиде 147 миң тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Метеорологдор жакынкы күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында дагы катуу жаан жаашы күтүлөрүн билдирди.

Эске салсак, Кенияда өткөн жылдын аягында болгон суу ташкынынан кеминде 120 адам каза болгон. Жаан-чачындар Чыгыш Африкада акыркы ондогон жылдардагы эң катуу кургакчылыктан кийин болуп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан