
Өлкөнүн түштүгүндө күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-май таңкы саат 7:37 чамасында жер титирөөнүн очогу Тажикстанда катталып, күчү 3,5 баллга жеткен. Коңшу өлкөдө катталган жер силкинүү өлкөнүн түштүк аймагына дагы сезилген.
Ага байланыштуу, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Шибе айылдарында 2,5 баллга чейин жеткен.
ӨКМ алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин кошумчалады.