
Бишкекте киши тоноого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 10-декабрда милицияга К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 04:00 чамасында Курманжан датка менен Саратов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам ага күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алганын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, 1987-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда аталган кылмыш ишине катышкан башка жарандарды аныктоо жана кармоо иштери уланууда.