Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын фонтандарын ишке киргизди. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев Тазалык ишканасына фонтандарды 1-майда ишке киргизүү тапшырмасын койгон.
Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" аянтындагы реконструкцияга байланыштуу аянттагы фонтан комплекстери ишке киргизилген жок.