Айылдарда 600 сом болсо, шаарларда 1200 сом. Турак жайды эмне үчүн камсыздандыруу керек? 

SUPER.KG порталынын пайдалуу кеңеш түрмөгүндө бул жолу турак жайды камсыздандыруу тууралуу сөз кылабыз. Суроолорубузга Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү Анжелика Акылбекова жооп берди.

- Алгач эле камсыздандыруу деген эмне? Кандай түрлөрү бар?

- Камсыздандыруу – экономикалык мамилелердин бир түрү. Ал табигый жана башка кырсыктардын кесепетинен келип чыккан зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнүүчү каражат. Камсыздандыруу ыктыярдуу жана милдеттүү болуп эки түргө бөлүнөт. Биринчи түрү камсыздандыруучунун өз демилгеси менен, экинчиси өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде ишке ашат.

- Турак жайды эмне үчүн камсыздандыруу керек?

- Турмушта ар кандай табият кырсыктары болуп калышы мүмкүн. Аны алдын ала биле албайбыз да. Мисалы, өрт кырсыгы, жер титирөө, сел кырсыгы ж.б. болушу ыктымал. Жакында эле Таласта, Ошто сел каптап, үйдүн ремонтуна зыян келтирген учурлар болду. Андан мурун Бишкек менен Чүйдө катуу шамал катталды. Мында унааларды дарактардын бутактары басып, үйдүн чатырларын учуруп кеткен фактылар болду. Ушундай учурда мамлекет тарабынан материалдык жардам алуу үчүн турак жайды жана унааны камсыздандырып койсо болот.

Өлкөдө 2016-жылы турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, жарандар турак жайын милдеттүү түрдө камсыздандырууга тийиш. Ал камсыздандыруу өрт коркунучунан, табигый кырсыктардан ошонун ичинде 6 баллдан өйдө жер титирөөдөн келтирилген чыгымдардын ордун толтурат. Бирок мыйзамды аткарбоодон эч кандай административдик чаралар каралбагандыктан республикада 1 миллиондон ашык турак жайдын 10 пайыздан ашыгы гана камсыздандырылган.

- Кандай документтер керектелет?

- Турак жайдын техникалык паспорту, үй эсинин паспорту керектелет.

- Камсыздандыруу полисин алуудагы тарифтер?

- Турак жайдын жылдык камсыздандыруу төлөмү шаарларда 1200 сом, ал эми айылдарда 600 сом деп белгиленген. Шаар жери үчүн камсыздандыруу суммасы 1 миллион сомго чейин, айыл жери үчүн камсыздандыруу суммасынын өлчөмү 500 миң сомдун тегерегинде.

- Кандай турак жайлар камсыздандырылбайт?

- Авариялык абалдагы турак жайлар, документтери жок үйлөр, камакта (аресте) турган үйлөр, техникалык талаптарга жооп бербей курулган үйлөр камсыздандырылбайт.

- Жаратылыш кырсыганда тарак жай зыянга учурап, бирок камсыздандыруу полисин албаса, мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөбү?

- Мындай учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан чыгым төлөнбөйт.

- Кандай учурларда камсыздандырылган турак жайлар үчүн чыгым төлөнбөй калат?

- Эгер өрт кырсыгы катталып, бирок кырсыктын чыгышына үй ээси күнөөлүү болсо, чыгым төлөнбөйт. Мисалы, турак жайдын ээси же үй-бүлөнүн бойго жеткен мүчөлөрү тарабынан атайылап жасалган аракеттерден өрт чыкса. Кырсык катталганда ӨКМ жана жарандык коргонуу комиссиясы жерине барып, себептерин аныкташат.

- Кимдерге жеңилдиктер каралган?

- Калктын социалдык жактан аялуу катмарына камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдө жеңилдиктер каралган. Турак жайдын төмөндөгү менчик ээлери камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотулат:

  • I жана II топтогу майыптыгы бар жарандар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толук бошотулат;
  • III топтогу майыптыгы бар жарандар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 50 пайызынан бошотулат;
  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 50 пайызынан бошотулат.

Турак жайдын менчик ээсинде бир нече турак жай болгон учурларда жеңилдиктер турак жайдын бирөөсүнө гана колдонулат.

- Кайсы аймакта турак жайды камсыздандыруу иштери активдүү жүрүүдө?

- Ош облусунда турак жай полисин алгандардын саны арбын болсо, эң азы Бишкек шаарында болуп жатат.

Маалымат үчүн: 2023-жылы өлкөдө 137 000 миңден ашык турак жай камсыздандырылган. 151 турак жайга 27 миллион сомдун тегерегинде чыгым төлөнүп берилген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан