Биз социалдык тармакта

2-майга карата аба ырайы

Эртең, 2-майга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүйдүн айрым жерлеринде, Жалал-Абад өрөөнүнүн тоо этектеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ал эми күндүз жаан жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлөт, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан