Майрам күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери эс алуучу жайларда, эл көп топтолуучу жайларда жаарандардын коопсуздугу үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда ЖКККББдан билдиришти.
Маалымдалгандай, кечкисин шаарга кире бериш жайларда атайын күзөттөр орнотулуп, эс алуудан келе жаткан унаалардын баары текшерилет.
Ага ылайык, спирт ичимдигин ичип, мас абалында унаа башкаргандарга катуу чаралар көрүлөт.