Бүгүн, 1-майда Кочкор районунда “Мен чемпион” аттуу балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында республикалык мелдештер старт алды.
Салтанаттуу ачылыш аземге дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров, Департаментке караштуу облустук башкармалыктардын жана спорттук мектептердин кызматкерлери катышты.
Дене тарбия жана спорт департаменти аталган мелдешке республиканын аймактарынан келген 1200дөн ашык спортчу катышып жатканын маалымдады.
Беттештер спорттун 12 түрүнөн Нарын облусунун 4 районунда жана Нарын шаарында өтөт:
Белгилей кетсек, мелдештин жалпы байге фонду 2,5 миллион сомду түзөт.