Көңүлдү жаз кылган гүлдөр. Кызгалдактуу талаанын ажайып сүрөттөрү
Бишкек шаарынын чет жакасында кызгалдактар гүлүн ачып, айлананы көрккө бөлөп жаткан учуру. Фотограф Николай Ачкасов көркөмү көз талдырган,кызгалдак гүлүнө оролгон табият сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.