Чүйдө 29-апрелден бери изделип жаткан Раатбек Камилов табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Маалыматты облустук милициядан билдиришти.
Белгилей кетсек, анын ата-энеси 29-апрелде милицияга кайрылган. Бул факты Сокулук РИИБине катталып, Раатбектин жүргөн жерин аныктоо боюнча багыттамалар берилип, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.
Анын жүрүшүндө Раатбек Камилов "Риом Авто" унаа базарынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.