Бишкекте 25 жаштагы жигит унаа уурдаганга шектелип кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-майда милицияга Б.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 30-апрель күнү көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жаран уурдап кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1999-жылы туулган Б.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан