Сузактагы кырсык: Hyundai Porter'дин айдоочусу камакка алынды

Сузактагы манас айтуу учурунда окуучуларды унаа сүзүп кеткен окуяга байланыштуу айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, бул факты боюнча Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгоду.

Ал эми министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов окуяны жеринен көзөмөлдөө үчүн аталган аймакка барган.

Эске салсак, кечээ, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды Портер коюп кетип, 32 бала жабыркаган. Hyundai Porter'дин ичинде айдоочусу жок болгону, анын ээси унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан