Улуттук "Манас" театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков кечээ, 2-майда Сузак районунда орун алган каргашалуу окуя боюнча комментарий берди.
Ал иш-чара 26-апрелге белгиленгенин, бирок райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук администрациясынын сунушу менен жылдырылганын айтты.
"Сузактагы окуяда өзүм билемдик менен балдардын коопсуздугун карабай, керектүү камсыздоону жүргүзбөгөн жетекчилер мыйзам алдында жооп берет", - деди Талантбеков.
Ошондой эле ал Чүй жана Нарын облустарында пландалган окуучулар арасындагы "Манас" айтуу боюнча сынак токтотулганын билдирди.
Эске салсак, кечээ, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды Портер коюп кетип, 32 бала жабыркаган. Hyundai Porter'дин ичинде айдоочусу жок болгону, анын ээси унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткени айтылган.