ТИМ кыргызстандыктарды зарыл болбосо Орусияга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги Орусия Федерациясына барууга жүйөлүү себептери жок жарандарга бул өлкөгө баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргыз жарандарына Орусияга кирүүдөн массалык түрдө баш тартуу учурлары боюнча сигналдар дипломатиялык өкүлчүлүккө жана консулдук мекемелерге келип түшкөн эмес. Ошол эле учурда министрлик жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Орусиядагы учурдагы кырдаалга жана анын Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалына тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүүдө.

"Ошону менен бирге министрлик Орусияга барууну жүйөлүү негиздери жок мекендештерге мурда киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөл режими токтотулганга чейин убактылуу баш тартууну, ал эми Орусияга баруу керек болсо, алдын ала бул өлкөгө кирүүгө чектөө бар же жок экендигин текшерүүнү дагы бир жолу сунуштайт", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан