Чолпон-Атадагы балдардын реабилитациялык борборунун курулушу аяктап калды

Чолпон-Атадагы балдардын реабилитациялык борборунун курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ибн Сина атындагы Балдардын республикалык реабилитациялык борборунун имаратын куруу иштери аяктап, комплекс жакында ишке кирет.

"Президенттин тапшырмасына ылайык, аталган реабилитациялык борбор үчүн заман талабына жооп берген жана бардык керектүү шарттары бар имарат салынууда. Буюрса, баарына шарт түзүлүп жатат", - деп жазган Туманбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан