Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Сузактагы окуяда жабыркаган балдардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Министрлер ооруканада жаткан окуучуларга барып, кабар алган.
Эске салсак, кечээ, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды Портер коюп кетип, 32 бала жабыркаган. Hyundai Porter'дин ичинде айдоочусу жок болгону, анын ээси унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткени айтылган.