"Манасты айтабыз!". Мамлекеттик катчы Сузактагы кырсык боюнча билдирүү жасады

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кечээ, 2-майда Сузакта болгон үрөй учурган кырсык боюнча билдирүү жасады.

Кайрылуусунда мамлекеттик катчы бул боюнча дыкат териштирүү болушу керектигин белгиледи.

"Манасты айтабыз. Адегенде эле балдарыбыздын тез сакайып кетишин жан дилибиз менен тилек кылалы. Кабарлап келбеген кырсыкка ылаажы жок экен.

Жеткен маалыматтарга ылайык, балдарыбыз аман-эсен, дарыгерлердин дыкат көзөмөлүндө жардам алышууда. Жараткан жар болуп, мындан ары ак аралап, арабызга ойноп-күлүп кошулуп кетишсе экен.
Тилекке каршы, кырсык болгондон кийин, сөзсүз түрдө тиешелүү кызмат адамдары менен дыкат териштирүү амалдары өтүп, укуктук жыйынтык чыгыш керек!
Ал эми «Манас айт!» деп балдарын колдон жетелеп, Манастын туу жыгар урпактарын тарбиялап жатышкан ата-энелерине, агай-эжелерине таазим этип, сабырдуулукту тилейли. Белгини жакшыга жоруп, бел байлап, Манасыбызды белестен ылдый түшүрбөйлү!!! Манасыбыз бар - элибиз дагы, демибиз дагы бар!" - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан