Сузак районундагы кырсыктан жабыркагандардын ичинен 5 окуучу оор абалда жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 3-май эртең мененкиге карата Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу бар.
Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала жатат, алардын бешөө реанимацияда, абалдары оор;
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1;
Сузак аймактык ооруканасында - 3;
Октябрь Жалпы медициналык практика борборунда 4 окуучу бар. Алардын абалдары орточо оор деп бааланууда.
Министрлик ошондой эле кандын жетиштүү запасы бар экенин белгиледи.