"Жеке көзөмөлгө алдым". Тазабек Икрамов Сузактагы окуя боюнча үн катты

Кечээ, 2-майда Сузакта орун алган каргашалуу окуя боюнча депутат Тазабек Икрамов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Ал окуядан кийинки териштирүү иштери көзөмөлүндө экенин айтты.

"Сузак районундагы мектеп окуучулары арасында "Манас" айтып, Манастап ураан чакыруу учурунда күтүүсүз кырсык катталды. Албетте, кырсыкты кайдан деп болбойт. Ошентсе да уюштуруучулар бул иш-чараны уюштурууда ар бир кадамды дыкаттык менен кароого милдеттүү эле.

Бул боюнча тиешелүү органдар иш алып барып жатканы боюнча толук маалымат алып, жеке көзөмөлгө алдым. Кырсыкка кабылган окуучуларыбыз тез арада сакайып кетишине тилектешмин. Ал эми идеологиялык максаттан алып караганда бул иш-чараны улантууну толук колдойм жана мындан аркы уюштуруу иштеринде коопсуздукту жергиликтүү бийлик, ИИМ көзөмөлгө алышы милдет!", - деп жазды Икрамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан