Казакстан жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 50 орун берди

Казакстан 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктарга 50 орун бөлүп берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, коңшу өлкө берген квотанын 25и бакалавриат программасы боюнча болсо, магистратура боюнча 20 орун, үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык билим берүү боюнча 5 орун бөлүнгөн.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер edu.gov.kg онлайн системасы аркылуу катталып, керектүү документтерди 23-май саат 23:59га чейин жүктөшү керек.
Конкурска катышуу боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондор аркылуу берилери кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан