
Бишкекте телефон уурдаганга шектелип 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 19-июлда милицияга М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2023-жылдын 17-июлунда Киевский көчөсүндө жайгашкан соода борборунун бутиктеринин биринен 20 миң сомдук Infinix not 30 үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1984-жылы туулган П.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.