Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы унаа жолу маал-маалы менен жабылат
Эртең, 4-майда Ысык-Көл районунда "Run the Silk Road – Shanghai Cooperation" аталышындагы эл аралык марафон өтүп, жол каттамга чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, марафон катышуучулар Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майдандан тартып, Корумду айылынын күн чыгыш тарабындагы "Солемар" эс алуу жайынынын бурулушуна чейин чуркашат.
Ага ылайык, Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары аркылуу өтүүчү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолу маал-маалы менен убактылуу жабылып турат.
"Ошол себептен облус тургундары жана меймандар жолдо жүрүүдө ар кандай ыңгайсыздактарды алдын алып, алыс жолго чыккан жүргүнчү ташуучу автобустарга, таксилерге Ысык-Көлдүн түндүк тарабы, тагыраагы, Жети-Өгүз жана Тоң райондору аркылуу жол жүрүү сунушталат", - деп айтылат маалыматта.